Бишкекте дайынсыз болуп жаткан Ислам Мамырканов табылды. Бул тууралуу бүгүн, 12-апрелде Свердлов РИИБинен билдирди.
Буга чейин шаар тургуну өспүрүм курактагы уулу Аламүдүн-1 кичи районундагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келбегенин айтып, милицияга кайрылган.
Бул факты боюнча милиция кызматкерлери издөө иштерин баштап, 11-апрелде Исламды аман-эсен табышкан.
Учурда окуянын чоо-жайы такталууда.