Бүгүн, 12-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кызыл-Кыя шаарындагы Ленин көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн батирине бекилип калган 2 жаштагы наристе куткарылганын кабарлады.
Кабарлангандай, бул тууралуу алгачкы билдирүү 101 байланыш кызматына түшкөн. Жерине дароо ӨКМнын №62 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 1 офицер жана 2 куткаруучу барган. Натыйжада куткаруучулар саат 10:21де эшикти ачып, наристени аман-эсен ата-энесине өткөрүп беришкен.
Маалымат боюнча, наристенин абалы жакшы.