Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы тарабынан 1-апрелден 5-апрелге чейин борбор калааны көрктөндүрүү эрежелерин бузуу боюнча 206 факты аныкталган.
Калаа мэриясынан кабарлагандай, аларга жалпы суммасы 2 миллион 447 миң 500 сом айып пул салынды.
"Көпчүлүк учурда жеке жана юридикалык жактар унааларды туура эмес токтотуп, жашыл аянтчаларды бузуп, тегерек-четтин абалына көз салбай, курулуш компаниялары асфальт-бетон төшөлмөсүн бузуп жатат.
Айып пулду өз убагында төлөбөсө, айыптын үстүнө кошумча айып төлөнөт", - деп айтылат маалыматта.