“Ала-Арча” тарыхый-мемориалдык көрүстөнүндө Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, белгилүү актёр Азиз Мурадиллаевдин эстелиги тургузулду. Анын ачылышы эртең, 13-апрелде өтөт. Бул туурасында Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын маалыматында айтылат.
Маалымдалгандай, иш-чарага маданият кызматкерлери жана маркумдун жакындары катышат.
Азиз Мурадиллаев 2022-жылдын 17-декабрында узакка созулган оорудан улам 44 жаш курагында дүйнө салган.
Азиз Мурадиллаевдин өмүр таржымалы, маектери.