Бишкек шаарынын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу бүгүн, 12-апрелде Бишкек мэриясынан билдиришти.
Ага ылайык, Маматов Алтынбек Кайратович 11-апрелден тартып Муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин директорунун орун басары кызматынан ротациялоо менен Бишкек мэриясынын Жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын жетекчилигине дайындалды.
Тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев кол койду.