Эртең, 13-апрелге караган түнү Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдирди.
Маалыматка ылайык, күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк жерлеринде, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым аймактарында жаан жаайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +6…+11, күндүз +18… +23,
Талас жергесинде түнкүсүн +2…+7, күндүз +18…+23,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +8… +13, күндүз +22…+27,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +2… +7, күндүз +14…+19,
Нарында түнкүсүн 0…+5, күндүз + 16…+21.
Бишкек шаарында түнкүсүн +7…+9, күндүз, +20…+22 градус жылуу болот.