Бүгүн, 12-апрелде Бишкектеги №11 жана №17 троллейбус каттамдары убактылуу токтотулат. Мындай билдирүүнү мэрия таратты.
Билдирүүдө айтылгандай, аталган троллейбус каттамдары саат 19:00дөн тартып токтотулат. Мындан тышкары №10 троллейбустун каттамы жарым-жартылай өзгөртүлдү. Кыймыл "Фрунзе" заводунан 8-кичи районуна чейин жүргүзүлөт.
Мындай өзгөрүүлөр Асанбай бурулуш акыркы пунктунда канализация иштерин жүргүзүү зарылчылыгынан улам келип чыкканы айтылат.
Белгилей кетсек, 13-апрелден тарта бардык троллейбустар линияга чыгып, кадимки режимде иштей баштайт.
Бишкек шаарынын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана жүргүнчүлөрдөн өзгөрүүлөрдү эске алуу менен сапарларын алдын ала пландаштырууну суранат.