Москвада полиция кыргыз элчисинин үйүнө кирип барган. Министрлик билдирүү жасады

Буга чейин социалдык тармактарда полиция кызматкерлери Орусиядагы Кыргызстандын элчилигинин кеңешчиси Манас Жолдошбековдун батирине кирип келип үй-бүлө мүчөлөрүнө денесине залал келтиргени тууралуу маалымат тараган.

Өз кезегинде бул боюнча Тышкы иштер министрлиги үн катты. Министрликтен билдиришкендей бүгүн, 12-апрелде элчиликтин Консулдук департаментинде Орусия элчилигинин консулдук кеңешчиси менен жолугушуу болуп өттү.

"Жолугушууда кыргыз тарап Орусиянын ички иштер органдарынын кызматкерлери Вена конвенциясынын жоболорун одоно бузганына, Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин кеңешчисинин үй-бүлө мүчөлөрүнө карата аракеттерине тынчсыздануусун билдирди. Ошондой эле Орусиянын укук коргоо органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн аккредиттелген кызматкерлерине карата мындай аракеттерге жол берилбестиги жана кылдат иликтөөнү жана күнөөлүүлөрдү тез арада жоопкерчиликке тартууну талап кылаары белгиленди", - деп жазылат андагы билдирүүдө.

Өз кезегинде Орусия элчилигинин консулу А.Буревой бул факты боюнча өкүнүчүн билдирип, Орусиянын Тышкы иштер министрлиги кыргыз тараптан расмий нота алганын, анын негизинде зарыл болгон текшерүү жүрүп жатканын билдирген. Анын жыйынтыгы боюнча кыргыз тарапка маалымат берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Azat-123
2024-04-12 15:26:00
Орусияда чын-чынына келгенде укук коргоочулары эч бир ортоазиялыкты теңине алышпайт, мамилелер кагаз түрүндө ишке ашат деп жазылганы менен иш жүзүндө ашпайт
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан