Баалуу белектер берилди. Ошто дүйнөлүк ден соолук күнү белгиленди

Бүгүн, 12-апрель күнү Ош шаарынын борбордук аянтында Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата “Менин ден соолугум, менин укугум” урааны астында иш-чара өттү.

Мэриянын маалыматына караганда иш-чарада акысыз медициналык анализдерди тапшыруу, консультация берүү боюнча кызматтар көрсөтүлүп, чуркоо боюнча жарыш орун алды.

Жарышка Ош шаарынын жана Ош облусунун мамлекеттик мекеме, ишканалардын өкүлдөрү, жогорку жана орто окуу жайлардын студенттери, укук коргоо органдарынын, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери жана шаар тургундары күч сынашып, жалпысынан 3 миңге жакын адам катышты.

Жеңүүчүлөргө Ош шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт комитети, демөөрчүлөр тарабынан медалдар, Ардак грамоталар жана баалуу белектер тапшырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан