Бишкектин батыш тарабында 5 күн газ болбойт. Бул тууралуу бүгүн, 12-апрелде "Бишкекгаз" газ кызматы кабарлайт.
Ага ылайык, Бакаев көчөсүндө жол оңдоо иштерине байланыштуу 15-апрелден 19-апрелге чейин жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт.
"Төмөнкү көчөлөр менен чектелген аймакта жаратылыш газы болбойт: Васильевский тракт, Фучик көчөсү, Профсоюзная көчөсү, Ден Сяопина көчөсү, Патрис Лумумба көчөсү, Лев Толстой көчөсү, Матыев көчөсү, Ала-Арча дарыясы",-деп айтылат маалыматта.
Ал эми "Бишкекгаз" газ кызматы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерди жаратылыш газы өчүрүлгөн мезгилде энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.