Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбеков Жалал-Абадда "Эл Аман" мамлекеттик дарыканасынын ачылышына катышты. Бул тууралуу бүгүн, 12-апрелде Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти
Маалымдалгандай, депутат Жеңишбек Токторбеков "Эл Аман" мамлекеттик дарыканаларын колдоо жана андан ары өнүктүрүү максатында аталган дарыкананын имаратын курууга каражат бөлгөн.
Ага ылайык, Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев эл өкүлүнө тармакка көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.
Белгилей кетсек, министрдин тапшырмасы менен калкты арзан жана сапаттуу дары-дармектер менен камсыз кылуу максатында саламаттыкты сактоо уюмдарынын базасында 2023-жылдын ноябрь айынан тарта "Эл Аман" мамлекеттик дарыканалар тармагы ачылууда.
Учурда жалпы республика боюнча 80 дарыкана ачылса, алардын ичинен 13ү Жалал-Абад облусунда иштеп жатат.