Ысык-Көлдө айыл эли имамга темир тулпар белек кылышты

Ысык-Көл районунун Чырпыкты айылынын жаштары аталган айылдын имамы Жанарбек Абыкеевге көп жылдан бери айыл үчүн аткарган эмгегин баалап, ыраазычылык иретинде темир тулпар белек кылышты.

Маалым болгондой, айыл тургундары демилге көтөрүшүп, каражат топтошуп, Абыкеевдин айылда имамдык кызматты аркалап келгенин баалап, ыраазычылык катары Honda CRV үлгүсүндөгү унаа белек кылышты.

Ак кызматы бааланып турган имам эл-журтуна ыраазычылык билдирип, айт майрамы менен куттуктап, Жараткандан айыл, мекен үчүн жакшылыктарды тилеп дуба кылды.

Белек 10-апрель күнү айт намазы окулуп бүткөн соң тапшырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан