Казакстанга жардам жеткиргени кеткен кыргызстандыктардын сапары карыды

Казакстандын алыскы облустарына жардам жеткирген кыргыз куткаруучуларынын сапары карыды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Кечээ, 12-апрелде суу каптоодон жабыркаган облустарга жардам кербенин жеткирүү жоопкерчилиги жүктөлгөн Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамыркановго Жамбыл облусунун Өзгөчө кырдаалдар департаментинин начальниги Арман Токанов ыраазычылык катын ыйгарды.
Кыргыз эли табигый апааттардан алыс болуусун тилеп, мекенине кайтып бара жаткан куткаруучуларга ак жол каалады.
Белгилей кетсек, Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев 6-апрелде 15 оор жүк ташуучу унаадан турган 300 тонна жардамды узаткан.
Кербен 6000 чакырымга жакын жол жүрүп, Жамбыл – Чымкент – Түркестан – Актөбө – Атырау – Костанай – Орал (Уральск) жолун басып өттү.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан