Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпиондугунда кыргыз балбаны Айпери Медет кызы алтын медаль утту.
76 килограмм салмакка чейин катышкан Айпери Медет кызы атаандаштарына эч кандай мүмкүнчүлүк бербей, Азия чемпиондугунун финалына жетти. Финалда кыргыз балбаны кытайылк юалбан менен кез келип, 4:0 эсебинде жеңилип жатып, эсеп санын 11:7ге айлантты.
Муну менен Айпери Медет кызы карьерасында экинчи жолу Азия чемпионатында алтын тагынды.