Иран Израилдин авиабазасына баллистикалык ракеталар менен сокку урду

Иран "Хайбар" баллистикалык ракеталары менен Негев чөлүндөгү Израилдин аба базасына сокку урду. Бул тууралуу Ирандын IRNA басылмасы жазды.

Бүгүн, 14-апрелге караган түнү Иран камикадзе дрондору менен Израилдин аймагына чабуул жасады. Израиль бийлиги Ирандан 200дөй ракета жана учкучсуз учактар ​​учурулганын билдирди. Иран бул чабуул жакында Израилдин Сириядагы Иран консулдугуна жасаган чабуулуна жооп экенин айтты.

Ошондой эле Израилге Ирандан гана эмес, башка мамлекеттерден, анын ичинде Йеменден да чабуул жасалганы кабарланды.

Пентагон Ирандын Израилге кол салганын ырастады. Улуу Британия, Франция, Германия жана Евробиримдиктин лидерлери Ирандын чабуулун айыпташты.

Кийинчерээк окуяга күбө болгондор Иерусалимдин асманында жардыруулардын үндөрү угулуп, өлкө боюнча сиреналар жаңырганын кабарлашты. АКШ менен Британиянын Аскер-аба күчтөрү Ирандын учкучсуз учактары менен ракеталарынын чабуулунун мизин кайтарууга жардам берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан