Коңшу Казакстандагы суу каптоого байланыштуу Кыргызстандын атынан жардам кербенин жеткирип барган кыргыз куткаруучуларынын сапары карып, бүгүн таңга жуук Кыргызстанга кайтып келишти.
Социалдык тармактарда куткаруучулардын коңшу өлкөнүн куткаруучулары менен коштошуп жаткандагы видео тарады. Анда эки өлкөнүн куткаруучулары кучакташып жылуу коштошуп, бири-бирине ыраазычылык сөздөрдү айтышкан.
Эске сала кетсек, 6-апрелде президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Казакстанга гуманитардык жүктөрдү уюштуруп, 15 фура менен 300 тонна гуманитардык жардам жөнөткөн. Ал Казакстандын суу ташкынынан жабыркаган төрт облусуна бөлүштүрүлдү.