Тышкы иштер министрлиги Орусия ИИМинин өкүлү Ирина Волктун билдирүүсүнө комментарий берди

Тышкы иштер министрлиги Орусиянын ички иштер министрлигинин расмий өкүлү Ирина Волктун кыргызстандык элчинин окуясы боюнча айткан билдирүүсүнө комментарий берди.

"Орусиянын Ички иштер министрлигинин расмий өкүлү Ирина Волктун кызматтык иликтөө аяктаганга чейин жана бардык фактылар аныкталганга чейин болгон маалыматтык билдирүүсүнүн мазмуну айрым суроолорду жаратууда. Окуянын чоо-жайы боюнча Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин дипломатынын батирине полиция кызматкерлери кирбей, жашоочуларга физикалык жана психологиялык жактан эч кандай кысым көрсөтүлгөн эмес деп айтылды.

Анын бул билдирүүсүндө батирдин ичиндеги жаракат алган аял окуяга өзү күнөлүү дегендей ойду калтырат, бул жалпы логикага карама-каршы келет.

Кызматтык текшерүү полиция кызматкерлеринин төш камераларынын видеотасмаларын жана Кыргызстандын элчилиги тарабынан Орусиянын Тышкы иштер министрлигине берилген фотоматериалдарын эске алуу менен ыкчам, объективдүү жана ар тараптуу жүргүзүлөт деп күтөбүз", - деп айтылат Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин тараткан билдирүүсүндө.

8-апрелде полиция кызматкерлери Орусиядагы Кыргызстандын элчилигинин кеңешчиси Манас Жолдошбековдун батирине кирип келип үй-бүлө мүчөлөрүнө денесине залал келтиргени тууралуу маалымат тараган. Кийинчерээк Орусия ИИМинин расмий өкүлү Ирина Волк бул боюнча комментарий берип, "Азырынча күч колдонуу жана эшикти сындыруу тууралуу маалымат четке кагылды" деп айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан