Тажикстан "Крокустагы" терактка шектелип кармалгандардын кыйноого алынышын айыптады

Коңшу Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин Орусиянын укук коргоо органдары "Крокустагы" терактты иликтеп жаткан учурда эл аралык укуктун нормаларын сактап, кыйноолорго тыюу салуу боюнча иш алып барышы керектигин билдирди. Бул тууралуу ал 12-апрелде Минскте КМШнын тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынында айтты.

Ал өз сөзүндө ачык маалымат мейкиндигинде денени кыйноо түрүндөгү кыйноолорду колдонуу менен террордук актыны уюштургандардын кармалышынын көрүнүшү кабыл алынгыс экенин белгиледи.

"Туура эмес ойлонулган маалыматтык кампаниянын натыйжасында Тажикстандын жарандарына карата терс пикир калыптанууда, бул жол берилгис көрүнүш", - деген ал.

Анын айтымында, Тажикстан теракт боюнча тергөө калыс жана адилеттүү жүрүшүн, буга күнөөлүү бардык адамдардын жазаланышын күтүүдө.

"Крокустагы" теракт 22-март күнү кечинде болгон. Натыйжада 144 адам каза болуп, 500дөн ашууну жарадар болгон. Иштин алкагында 14 адам кармалып, анын 13ү камакка алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан