Актёр, вайнер Алтынбек Казакбаев кыздуу болду. Мындай сүйүнүчү менен ал социалдык тармактагы баракчасы аркылуу бөлүштү.
Актёрдун жубайы бүгүн, 14-апрелде көз жарган.
"Кудайга шүгүр, Сүйүнчү туугандар! Кыздуу болдук. Жугуштуу болсун", - деп жазды ал.
Алтынбек Казакбаев менен жубайы буга чейин бир уулду тарбиялап келишкен.