Анталиядагы кырсык: Кыргыз жараны тик учак менен ооруканага жеткирилди

Түркиянын Анталия шаарындагы асма жолдун кабинасынын кулашынан улам жаракат алган кыргызстандык ооруканада дарыланууда. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Министрликтин маалыматына ылайык, Анталиядагы Башкы консулдуктун кызматкерлери ооруканага барышкан. Кырсык болгон жерден Кыргыз жараны ооруканага тик учак менен жеткирилген.

Экспертизанын жыйынтыгында ийинин жана бутунун көгала тактары катталган. Анын реабилитациясын ооруканада улантуу боюнча макулдашуу жетишилди.

Кечээ, 13-апрелде Анталия шаарындагы Коньяалты аймагында асма жолдун таянычтарынын бири кулап, асма жолдун кабинасы ташка кулап түшкөн. Андан 8 адам жабыркап, бир адам каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан