Кыргызстан Казакстанга бир туугандык гуманитардык жардамдын экинчи партиясын дайындады

Коңшу Казакстанда болуп жаткан суу каптоого байланыштуу Кыргызстан жардам кербенинин экинчи партиясын дайындады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Бүгүн, 14-апрелде Казакстандагы суу каптоодон жабыркаган элге Кыргызстандан жөнөй турган гумжардамдын экинчи бөлүгү даяр болду. Бул жардам кербенин кыргыз эли жана Кыргыз Республикасынын президенттик фонду топтоду.
7 жүк ташуучу унаа менен жалпысынан 140 тонна азык-түлүк даярдалды.
Эскерте кетсек, Казакстанга биринчи жардам кербени 6-апрелде жөнөтүлгөн. Жардам Казакстандын 4 облусуна таратылган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан