Айсулуу Алмаздын "Жөнөкөйлүк - жаңы замандагы сулуулук” аттуу китебинин бет ачары болду

Бүгүн, 14-апрелде Бишкекте финансы адиси, блогер, коомдук ишмер Айсулуу Алмаздын “Жөнөкөйлүк - жаңы замандагы сулуулук” аттуу китебинин бет ачар аземи болду.

Иш-чарага 300дөн ашуун адам катышты. Алгач автор өзү тууралуу презетанция жасап, китеп күндөлүктөрдүн негизинде жазылганын айтты. Китепте коомдогу көмүскө көйгөйлөр ачыкталып, дени сак мамиле, эмоционалдык жетилүү, өзүн таанууга багытталган ойлор камтылган.

900гө чукул күндөлүк жазыпмын, анын ичинен 250дөн ашыгы китепке кирди” деп билдирди ал.

Иш-чаранын алкагында уюштуруучулар тарабынан келген конокторго конкурс уюштурулуп, жеңүүчүлөргө Айсулуу Алмаздын китептери белекке берилди. Андан соң журналист Алия Суранова, Айсулуу Алмаз жана психолог Малеке Кыдыралинин катышуусунда жандуу подкаст орун алды.

Саамалыкта катышуучулардын суроолору дагы жоопсуз калган жок. Иш-чара “Akbarak” коомдук фонду тарабынан уюштурулду.

Белгилей кетсек, мындан тышкары Айсулуу Алмаз “Менин алгачкы кыргызча-англисче 100 сөзүм”, “Менин алгачкы кыргызча-англисче сандарым”, “Бейпил түн” китептеринин түзүүчүсү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан