Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 28-мартта милицияга Ш.М. аттуу жаран кайрылган. Ал февраль айында Б.А. аттуу жаран ишеничине кирип, Орусиядан 6 унаа алып келип берем деген шылтоо менен андан 45 миң доллар алганын айткан. Шектүү убадасын аткарбай изин жашырып кеткен.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.
"Шектүү катары 1980-жылы туулган Б.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда", - деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан