Өлкө аймагында жыл башынан тартып, тагыраагы, үч ай ичинде 1364 унаа кырсыгы катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктан билдиришти.
Маалымдалгандай, кырсыктын кесепетинен 99 адам каза болуп, 1965 адам ар кандай жаракат алган.
Бул өткөн жылга салыштырмалуу жалпы жол кырсыгы 8 пайызга, жаракат алгандар 7,6 пайызга, ал эми көз жумгандар 20,8 пайызга аз.