Өлкө аймагында 11 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалымдалгандай, өрттү өчүрүүгө 12 күжүрмөн эсеп тартылды.
- Бишкек шаарында – 1;
- Ош облусунда – 1;
- Чүй облусунда – 3;
- Жалал-Абад облусунда – 3;
- Ысык-Көл облусунда – 2;
- Баткен облусунда – 1.
Ага ылайык, куткаруу кызматтары тарабынан 2 чыгуу болду.