Жакында "Эл үмүтү" стипендиясына документтерди кабыл алуу башталат

Президенттин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясына документтерди онлайн кабыл алуу 1-майдан 30-майга чейин жүргүзүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

“Эл үмүтү” стипендиясынын максаты –Кыргызстандын таланттуу жаштарына жогорку окуу жайларынын QS World University Rankings, Times Higher Education топ-100 дүйнөлүк рейтингине кирген чет өлкөлүк окуу жайларында, билим берүү программаларында магистр жана PhD доктору деңгээлинде билим алуусуна көмөк көрсөтүү.

“Эл үмүтү” стипендиясына жыл сайын 50 орун бөлүнөт. Анын ичинен техникалык жана инженердик багыттар боюнча магистрлерди даярдоого – 20 стипендия, экономикалык багыттар боюнча магистрлерди даярдоого – 10 стипендия, социалдык-гуманитардык багыттар боюнча магистрлерди даярдоого – 10 стипендия, философия доктору PhD программалары боюнча окутуу үчүн – 10 стипендия.

Конкурска катышуу үчүн Кыргызстанда магистратурада окууга 40 жашка чейинки, PhD докторантурада окууга 45 жашка чейинки жарандарына уруксат берилет. Талапкерлер конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди берет:

1) ыйгарым укуктуу орган бекиткен форма боюнча эл аралык стипендияны ыйгаруу конкурсуна катышуу үчүн талапкердин толтурулган анкетасы;

2) паспорт/инсандын күбөлүгү;

3) транскриптти тиркөө менен бакалавр/адис/магистр диплому;

4) программаны, адистикти, окуу мезгилин көрсөтүү менен мамлекеттик же расмий тилге нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормолору менен академиялык окууга кабыл алынгандыгын ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

5) чет өлкөлүк жогорку окуу жай тарабынан берилген жетишкендиктер жөнүндө расмий документ/адистигин, курсун (окуу жылын), ошол окуу жайда пайдаланылган баалоо системасы жөнүндө маалыматты, ошондой эле чет өлкөнүн алдынкы жогорку окуу жайларында академиялык окууда окуп жаткан адамдар үчүн мамлекеттик же расмий тилге нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормолору менен ошол окуу жайда учурдагы жетишкендиктин орточо баллын көрсөткөн белгиленген үлгүдөгү маалымкат

6) жарыялоолор, автордук күбөлүктөр, баяндамалардын тезистери, дипломдор ж.б. менен ырасталган илимий-изилдөө иштерине активдүү жана натыйжалуу катышуу жөнүндө маалыматтар;

7) эл аралык стипендияны ыйгарганга чейин эки жыл ичинде башка коомдук сунуштар жөнүндө, илимий-изилдөө иштеринин натыйжалары жөнүндө маалыматтар, анын ичинде эл аралык, республикалык же ведомстволук конференцияда, семинарда, тиешелүү деңгээлдеги тегерек столдо баяндама (билдирүү) менен чыгып сүйлөө аркылуу.

Толук маалыматты шилтеме аркылуу кирип окуй аласыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан