Бишкектеги тазалыкты жана тартипти сактоо демилгесинин алкагында "Бишкек троллейбус башкармалыгы" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери шаардын тирөөч мамыларын уруксатсыз жарыялардан тазалоодо. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде, Бишкек мэриясынан билдиришти.
Ага ылайык, аталган ишкананын кызматкерлери ар дайым тирөөч мамыларды тазалап, сырдап турушат. Бирок мамыларда тынымсыз жаңы жарнамалар, жарыялар пайда болууда.
"Урматтуу борбор калаанын тургундары жана коноктору! Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелерин сактоону суранабыз", - деп айтылат маалыматта.