Анталия шаарындагы асма жол кырсыгына байланыштуу 5 киши камакка алынганын Түркиянын юстиция министри Йылмаз Тунч билдирди деп жазат CentralAsia басылмасы.
Маалыматка караганда, кырсыкка байланыштуу кармалган 14 адамдын бешөө камакка алынган. Ал эми 8 адамга карата соттук көзөмөл киргизилип, бирөө бошотулган.
Эске салсак, 13-апрелде Анталия шаарындагы Коньяалты аймагында асма жолдун таянычтарынын бири кулап, асма жолдун кабинасы ташка кулап түшкөн. Кырсыктын кесепетинен 1 адам каза болуп, 8 адам жабыркаган. Жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жараны дагы бар.