Бишкек шаарындагы түнкү клубдардын биринен "мефедрон" психотроптук заты табылып, алынды. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде, ИИМден билдиришти.
Маалымдалгандай, түнкү клубда тинтүү иштеринин жүрүшүндө 1997-жылы туулган Л.В. аттуу жарандан "мефедрон" психотроптук заты табылды. Эмеректерди тинтүү иштеринин жүрүшүндө курамында химиянын өзгөчө жыты бар "мефедрон" психотроптук заты бар эки целлофан зип пакети табылган. Бардык кармалган фактылар боюнча экспертиза дайындалды.
Ага ылайык, баңги каражаттарын колдонгон деп шектелген түнкү жайдын кардарлары жана кызматкерлери медициналык күбөлөндүрүүгө жөнөтүлдү. Анда түнкү жайдын ээси 2000-жылы туулган Н.С. жана кармалган Л.В. жарандарда баңгизат жана психотроптук заттардын таасиринде тургандыгы аныкталган.
"Учурда иштин бардык жагдайларын аныктоо боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары улантылууда", - деп айтылат маалыматта.