Ошто алдамчылыкка шектелип издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу ОШ ОИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 12-апрелде облустук милиция Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (алдамчылык) негизинде козголгон кылмыш иши боюнча шектелип, издөөдө жүргөн Ош шаарынын 1965-жылы туулган М.Н. аттуу тургунун кармаган. Ал камакка алынды.
Шектүү жабырлануучудан курулуш материалдарын алып келип берем деп 35 миң долларын алып, из жашырып кеткен.
Учурда тергөө амалдары уланууда.