Нарында жаш кыздарга ыдык көрсөтүп келген деп шектелген жаран муунуп каза болду. Бул тууралуу маалыматты облустук милициядан такташты.
Милиция тергөөдөн кийин кошумча маалымат берилерин айтты.
Буга чейин социалдык тармактарда Нарын шаарында англис тили курсунан сабак берген мугалим бир топ жылдан бери окуучу кыздарга ыдык көрсөтүп келген деген маалымат тарап, милиция фактыны териштире баштаган.