Ошто жарандардан опузалап акча талап кылып жүргөн кылмыштуу топ кармалды

Кара-Сууда жарандардан опузалап акча талап кылып жүргөн шектүү топ кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде, Ош ОИИБинен билдирди.
Маалыматка караганда, 19-мартта милицияга Ош облусунун тургуну арыз менен кайрылган. Ал Кара-Суу районунун "Достук" чек ара өткөрмө бекетинде такси кызматын көрсөтүп жүргөн убагында бейтааныш атуулдар коркутуп, опузалап акча талап кылып жүргөндүгүн айткан. Жабырлануучунун айтымында, коркутуулар март айынын башынан тартып бүгүнкү күнгө чейин уланган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесине (опузалап талап кылуу) ылайык кылмыш иши козголгон.
Тергөө амалдарынын жүрүшүндө жарандарды системалык түрдө опузалап, акча талап кылып жүргөн, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү башында турган кылмыштуу топтун иш-аракеттери байкалган.
Ага ылайык, Ош шаардык жана облустук милициясы УКМК менен биргеликте 11-апрелде Ош шаарынын 1978-жылы туулган А.Ы. (уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турат), 2000-жылы туулган К.Д., 1998-жылы туулган Т.уулу Ч., 2001-жылы туулган А.Б., 1998-жылы туулган А.уулу А. жана 2001-жылы туулган М.З. аттуу тургундарын шектүү катары кармашкан.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка жарандарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө амалдары уланууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан