Вице-мэр Максатбек Сазыкулов бир айга камакка алынды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.
Маалым болгондой, УКМКнын Бишкек шаары боюнча тергөө башкармалыгынын тергөөчүсүнүн өтүнүчү жарым-жартылай канааттандырылган. Сот айыпталуучу Максатбек Сазыкуловду бир айга, башкача айтканда, 11-майга чейин камакка алуу чечимин чыгарган.
Буга чейин УКМК шаардын вице-мэри Максатбек Сазыкулов мыйзамсыз курулган коммерциялык объекттин ээсине колдоо көрсөткөнү үчүн кармалганын билдирген.