Кечээ, 16-апрелде саат 19:20да Ош облусунун аймагында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.
Маалымдалгандай, жер титирөөнүн очогу Нура айылынан түштүк-батышка карай 15 чакырым, Кара-Киндик айылынан түштүк-чыгышка карай 22 чакырым, Ош шаарынан түштүк-чыгышка карай 125 чакырым аралыкта жайгашкан.
"Жер титирөө Нура, Икизак, Көк-Суу айылдарында 3 баллга чейин, Кара-Киндик жана Эркеш-Там айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген",-деп айтылат маалыматта.