Кыргыз улуттук "Манас" театрынын төкмө акындары Чыңгызхан Кожошев жана Аккыз Абасбекова "Койнауы кут Кобда" аталышындагы эл аралык айтышка катышат. Маалыматты аталган театрдын басма сөз кызматынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, эл аралык айтыш 20-21-апрелде Монголияда өтөт.
Айтышка Казакстан, Өзбекстан, Монголия, Кытай жана Кыргызстандын өнөрпоздору катышат.