Камчыбек Ташиев: "Баңгизат менен күрөшүү үчүн аёосуз согуш жарыялайбыз"

Өлкөдөгү баңгизат бизнесине аёосуз күрөш, согуш жарыялайбыз. Бул тууралуу кечээ, 17-апрелде УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Шамалды-Сай шаарында жайгашкан Чек ара кызматынын Жалал-Абад облустук башкармалыгындагы чек арачыларына батирдин ачкычын тапшырып жатканда билдирди.

Биз бул наркобизнеске аёосуз күрөш, аёсуз согуш жарыялашыбыз керек. Көпчүлүк укук коргоо органдарынын жумуштарын мен баңгизат бизнесине каршы күрөш аркылуу баалайм. Баңгизаттарды колдонуу айрыкча жаштар арасында көп кездешип жатат. Мурда жерден өстүрүп колдонулган болсо, бүгүнкү күндө синтетикалык баңгизаттарды колдонгондор көбөйүп кетти.

Эгерде баңгизаттарды азыркыдай колдонгондор көбөйүп кеткен болсо, коомубуз келерки жылдарда өтө чоң көйгөйгө кабылышы мүмкүн”, - деди Ташиев өз сөзүндө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан