Депутат Камчы Көлбаевдин "Ататүрк" паркындагы жер тилкесин аукциондон алууну талап кылды

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Бишкектеги Токтоналиев көчөсүндө жайгашкан кримтөбөл Камчы Көлбаевге таандык делген жер тилкесин аукциондон алуу керектигин айтты.

Парламенттин бүгүн, 18-апрелдеги жыйынында эл өкүлү аталган жер тилке "Ататүрк" паркынын аймагы менен чектеш экенин белгиледи.

"Жакында эле Бишкектин мери "Ататүрк" паркынын жерлерин кайтаруу боюнча тарыхый чечим кабыл алды. Бул абдан туура чечим, бирок ошол эле маалда азыр болуп жаткан кээ бир карама-каршылыктар мени таң калтырды.

Кечээ аукционго Токтоналиев көчөсүндө жайгашкан жер тилкеси коюлду. Ал жер "Ататүрк" паркы менен чектеш жерде экен. Бул жер Камчы Көлбаевден алынган. Бул жер тилкеси боюнча менде толук маалымат бар.

Кантип кээ бир жарандардын жерин тартып алып, ошол эле учурда башка бирөөлөргө 18 миллион сомго сатканы жатасыңар? Аны бүгүн аукциондон алып салыш керек. Эл туура эмес түшүнөт. Алар өкмөт кээ бир адамдарга ал жерге курулуш курууга уруксат берип, жөнөкөй жарандарга уруксат бербей жатат деп түшүнөт. Мындай болбошу керек", - деди Дастан Бекешев.

Бекешев Көлбаевдин жерин аукциондон алууну талап кылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан