Маркум Элмирбек Иманалиевге "Эмгек баатыры" наамы берилди

Маркум Элмирбек Иманалиевге "Эмгек баатыры" наамы берилди наамы берилди. Бул туурасында бүгүн, 18-апрелде Кыргыз улуттук “Манас” театрынын ачылыш аземинде белгилүү болду.

Сыйлык берүү боюнча токтомго кол коюлганын президент Садыр Жапаров билдирди.
Жумурай журтка таанымал ак таңдай акын, обончу Элмирбек Иманалиев көзү тирүү болгондо быйыл 46 жашка чыкмак. Ал 2020-жылы 20-апрелде оорудан улам 42 жашында көз жумган.
Акын 1978-жылы 17-январда Токтогул районунун Өзгөрүш айылында жарыкка келген. Ал көп кырдуу талант эле. Төкмө акын, жазма акын, обончу, аткаруучу, дастанчы, манасчы болгон.
Иманалиев поэзия жаатында да өзгөчө ырларды жаратып кеткен. Акындын ырларын Поэтерапия рубрикасынан шилтеме аркылуу өтүп окуй аласыз.

Акындын бир тууган эжеси Нурайым Иманалиеванын инисин эскерген маегин бул видеодон көрүңүз.

Элмирбек Иманалиевдин өмүр баянын, маектерин, ырларын бул шилтемеден окуңуз.

Ак таңдай акындын сүрөттөр топтомун Фотоальбом рубрикасынан көрө аласыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан