"Кылмыштуулук көбөйүп кетти". Айгүл Айдарова УКМКдан Улан Ниязбековду текшерүүнү суранды 

Жогорку Кеңештин депутаты Айгүл Айдарова ички иштер министри Улан Ниязбековдун отставкасын талап кылды. Бул тууралуу эл өкүлү бүгүн, 18-апрелдеги парламент жыйынында айтты.

Ал министрликте башаламандык көбөйүп кеткенин белгилеп, Башкы прокуратура менен УКМКга кайрылып, Улан Ниязбековдун ишмердигин текшерүүнү сунуштады.

"Министр эмне үчүн кызматкерлерге тегиз карабайт? Улан мырза келгенден бери кылмыштуулук көбөйүп кетти, мындай статистикада болгон эмес. Биздин милиция мамлекеттин жүзү болбой калды. Бизге жакшы башкаруучу керек. Министр өзүнүн кызматкерлери менен иштебей жатат. Кечке бизнеси менен убара, же 5-6 машина алып келип кызматкерлерди алдоо менен убара. Урматтуу президент Садыр Нургожоевич, ушул министрдин кызмат ордун карап коюңузчу. Бул кишинин кызматта турганга моралдык укугу жок. Элди, кызматкерлерди алдап жатат”, - деди Айдарова.





Жогорку Кеңеш 18.04.24
Жогорку Кеңеш 18.04.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан