Кыргызстандан чыккан "Жардам кербенинин" 2-бөлүгү Казакстандын Көлсары шаарына жетти. Маалыматты ӨКМден билдиришти.
Билдирмеге ылайык, аталган өлкөгө 7 жүк ташуучу унаа менен гуманитардык жардам жөнөтүлгөн.
"Кыргызстандан Казакстандагы суу каптаган аймактагы калкка гуманитардык жардам алып келе жаткан 7 жүк ташуучу унаанын бирөөсү Костанай шаарына, дагы бирөө Орал шаарына жөнөтүлүп, ал эми Актөбе шаарында бир жүк ташуучу унаа калган.
Дагы 2 жүк ташуучу унаа Көлсары шаарына жетип, калган 2 унаа Актау шаарына бет алды", - деп билдиришти министрликтен.