19-апрелге карата аба ырайы

Эртең, 19-апрелде Нарын облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдирди.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +21… +26,

Талас жергесинде түнкүсүн +5…+10, күндүз +19…+24,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +9… +14, күндүз +22…+27,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +4… +9, күндүз +14…+19,

Нарын өрөөнүндө түнкүсүн +3…+8, күндүз + 14…+19.

Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +9…+11, күндүз +22…+26 градус жылуу болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан