Өлкөнүн мамлекеттик сыйлыктары менен Казакстандын маданият ишмерлери сыйланды (сүрөттөр)

Бүгүн, 18-апрелде мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов Казакстандын маданият ишмерлерине мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чара президент Садыр Жапаровдун Астана шаарына расмий сапарынын алкагында өттү.

Сыйлык тапшыруу аземинде мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов маданият жана искусство өкүлдөрүн мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоону кылымдардан берки достуктун, жалпы маданияттын, кызматташтыктын өнүгүп келе жатканынын белгиси катары, ошондой эле маданий-гуманитардык байланыштарды мындан ары жигердүү өнүктүрүүгө багытталган кадам катары баалоо керектигин белгиледи.

Төмөндө сыйлык алгандардын тизмеси:

"Данакер" ордени менен:

Ауэзов Мурат Мухтарович – Казакстан Республикасынын коомдук ишмери, маданият таануучу;

Мухтар Шаханов – акын, дипломат, Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу экс-элчиси;

"Достук" ордени менен:

Абдрахманов Сауытбек Абдрахманович – публицист, адабият таануучу, журналист, киносынчы, Казакстан Республикасынын Парламенти Мажилисинин экс-депутаты;

Мырзатай Жолдасбеков – Казакстан Республикасынын көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмери, түрколог-окумуштуу;

Идрисов Ерлан Абильфаизович – мамлекеттик ишмер, Казакстан Республикасынын экс-тышкы иштер министри;

Касымбек Женис Махмудула – Казакстан Республикасынын Астана шаарынын акими;

Кыдырали Дархан Куандыкулы – Казакстан Республикасынын Парламенти Сенатынын депутаты, Л.Н. Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин профессору, Казакстан Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги;

Омаров Бауыржан Жумаханулы – Казакстан Республикасынын Президентинин кеңешчиси, филология илимдеринин доктору, профессор;

Туймебаев Жансейт Кансеитулы – Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин башкармасынын төрагасы – ректору;

"Данк" ордени менен:

Раимкулова Актоты Рахметуллаевна – Эл аралык түрк маданияты жана мурасы фондунун президенти сыйланат;

Кыргыз Республикасынын Эл артисти деген ардак наамы менен:

Алтынбек Коразбаев – советтик жана казакстандык композитор, ырчы;

Рымбаева Роза Куанышевна – советтик жана казакстандык эстрада ырчысы, киноактриса;

"Данк" медалы менен:

Дидар Кулькенов – Казакстан Республикасынын “Таң-Шолпан” адабий-көркөм, массалык журналынын башкы директору – редакторлор кеңешинин төрагасы;

Нуркенов Нурлан Жанбыршыулы – Казакстан Республикасынын Астана шаарынын акиминин биринчи орун басары;

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен:

Сафин Нурлыбек Саматулы – Казакстан Республикасынын “Таң-Шолпан” адабий-көркөм, массалык журналынын башкы редактору;

Сыдыков Ерлан Батташевич – Л.Н. Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин башкармасынын төрагасы – ректору;

Хабылбеков Ербол Жаксыгелдиевич – К. Куанышбаев атындагы Казак мамлекеттик академиялык музыкалык драма театрынын директору сыйланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан