Блогер Айдина Турдалиева менен актёр Чыңгыз Максүтов ата-эне статусуна ээ болушту. Бул тууралуу түгөйлөр Инстаграм баракчаларында билдиришти.
"Сүйүнчү, биз ата-эне болдук" деп жазып калтырган Айдина Турдалиева.
Белгилей кетсек, актёр Чыңгыз Максүтов менен блогер Айдина Турдалиева 2023-жылы 25-июлда баш кошушкан.