Өлкөдө сутка ичинде 8 өрт кырсыгы катталганын бүгүн, 19-апрелде ӨКМ кабарлады.
Маалымдалгандай, өрттү өчүрүүгө 10 бөлүм тартылган.
"Чүй облусунда 3, Ысык-Көл облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 2, Бишкек шаарында 1 тилсиз жоо катталган", - деп айтылат маалыматта.
Кошумчалангандай, куткаруу кызматтары тарабынан чыгуу болгон жок.