"65 миллион 350 миң сом турат". Оштогу автобекет мамлекетке кайтарылды

Ош облусунун Гүлчө айыл өкмөтүндө жайгашкан автобекет мыйзамсыз менчиктештирилип кеткендиги аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, мурдагы Гүлша-автобекети мамлекеттик акционердик коомунун жооптуу адамдары автобекеттин 70 пайыз акцияларын, жалпы аянты 0,42 гектарга жакын жер тилкесин жана 135 чарчы метрди түзгөн административдик имаратын сатып жиберишкени белгилүү болгон. Ошондой эле Гүлчө айыл аймагынын кызмат адамдары менен ич ара сүйлөшүп алышып, 2015-жылы укук белгилөөчү документтерди алышкан.
Аталган автобекет учурда коомдук базар катары иштеп, соода түйүндөрүн ижарага берүүдөн ай сайын 500 миң сомго жакын киреше түшүп, жеке чөнтөккө кетип турган.
"Мындай фактор объекттин максаттуу багытына түзмө-түз карама-каршы келип, калктын жана такси айдоочуларынын терс мамилесин пайда кылган, алар автобекеттин жоктугунан Алай районунун Гүлчө айыл аймагынын ар кайсы көчөлөрүндө автостанциялардын башаламан түйүндөрүн уюштурууга аргасыз болушкан", - деп айтылат маалыматта.
Бул факты боюнча тергөө иштери жүргүзүлүп, натыйжада мурдагы автобекет ыктыярдуу түрдө мамлекетке кайтарылды.
Атайын кызмат борбордук автобекеттин базар баасы 65 миллион 350 миң сом турарын маалымдап, мыйзамсыз менчиктештирилген объекттерди аныктоо жана мамлекеттин менчигине кайтаруу боюнча иш-чаралар улантылып жатканын кабарлады.

19.04.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан