Милиция Акжолтой Тукуновду кармады

Активист Акжолтой Тукунов кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Чүй ОИИББинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал массалык баш аламандыкка чакырык жасоого шектелип жатат.

оциалдык тармактарга жана интернет-ресурстарга мониторинг жүргүзүү учурунда активист, Аламүдүн районунун тургуну Т.А. аттуу жаран Фейсбукта коомчулукту массалык баш аламандыкка чакырып, чагымчыл маанайдагы материалдарды таркатып жаткандыгы аныкталган.

Экспертизанын корутундусуна ылайык, таратылган материалдарда массалык нааразылык акцияларына, массалык баш аламандыкка жана бийликти алмаштырууга чакырган белгилер бар.

Аталган факты Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 37-278-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон" деп жазылат милициянын маалыматында.

Шектүү 1981-жылы туулган Т.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Белгилей кетсек, буга чейин активисттин кармалганы боюнча жергиликтүү ЖМК жазып чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан