Жазында бетке кантип туура кам көрүү керек? Косметолог кеңеш берет

Жаз келгени айрымдардын беттери кургап, түлөп, кызыл бүртүкчөлөр чыгып, сепкил түшөт, кээ бирөөлөрдүн мурдунун үстүндө кара тактар пайда болуп, ачуу күндүн нуру бетти тез күйгүзүп ыңгайсыздык жаратат. Бул мезгилде бетке кандай кам көрүү керек? Күндөн коргогон бет майды сүйкөөдө кандай эрежелерди сактоо зарыл? Ушул жана башка суроолорго косметолог Динара Дакеева жооп берет.

Беттин тибине жараша SPF кремди тандоо

- Жаз жана жай мезгилдеринде күндүн түз тийген нуру бет терисинин үстүңкү катмары - эпидермистин кургашына алып келет. Мындан улам тери түлөп, ар кандай тактар түшө баштайт. Андыктан жеңи узун көйнөк, бетти күндөн коргоочу бет майларды колдонуу зарыл.

Бет май алуудан мурун жүзүңүздүн кайсы типке кирерин так аныктап алыңыз. Үй шартында кантип аныктайбыз? Бетиңизди суу менен жууп, 5 мүнөттөн кийин кургак салфетка менен жүзүңүздү толук жабыңыз. Эгерде беттин 5 жеринде чекит сыяктуу болгон май билинсе, анда бетиңиз майлуу типке кирет. Ал эми салфетканын 3 жеринде май байкалса бет териңиз нормалдуу типке кирет. Салфетканын эч жери майлуу болбосо бетиңиз кургак типтегилерге кирет деп эсептеңиз.

Кыш мезгилинде 15-20 даражаны көрсөткөн SPF кремдерди колдонуу керек. Жазында 30, ал эми жайында 50 көрсөткүчү бар SPF кремдерди колдонушубуз зарыл. Кышында көпчүлүк күндөн коргоочу бет майды колдонбойт. Бирок кайсы гана мезгил болбосун колдонушубуз зарыл. Анткени бул убакта да ультра нурлар активдүү болот.

Бет майды сыртка чыгардан жок дегенде 15 мүнөт мурда коюп, анан гана чыгуу керек. Айрыкча жайында бетиңизге бет майды коюп, дароо сыртка чыгып кетсеңиз териге терс таасирин тийгизет. Бизге SPF 50 жогорку деңгээлде коргоочу бет май ылайыктуу болот. Айрымдар SPF 20, 25, 50+ деп турса жаш курак көрсөтүлгөн экен деп колдонуудан баш тартышат. Бул көрсөткүчтөр териңизди күн нурларынан канча саат коргой турганын билдирет. Эртең менен коюп алган SPF бир күн бою бетиңизди күндөн коргойт десеңиз, анда жаңылышасыз. SPF 50 дегени — терини күндүн нурунан 5 саат коргойт дегендик. Ал эми SPF 30 болсо 3 саат коргойт.

Бетти тазалоо

Бир күн бою кийген бут кийимиңизди үйгө барганда чүпөрөк менен сүртүп көрүңүзчү, бир топ чаң чыкканын көрөбүз. Ошо чаң бетибизде да болот. Андыктан бет тазалоодо 4 ыкманы күндө колдонууну сунуштайм.

1) Уктаар алдында сөзсүз бетиңизди тазалап жатыңыз. Макияжды тазалабастан эч качан уктабаңыз.

2) Беттин тибине жараша бетти жуучу гель, атайын каражаттар менен жууйбуз.

3) Эгер бетиңиз майлуу болсо тоник менен сүртүңүз.

4) Жашыңыз 25тен өткөн болсо сыворотканы колдонуп, андан соң бет май сүйкөңүз.

Көзүбүзгө көрүнбөгөнү менен бетибизде бир топ бактерия, вирустар болот. Жогорудагы ыкмалар анын алдын алат.

Жаз мезгилинде беттин, теринин кургоосу табигый көрүнүш. Өлгөн клеткаларга жардам берип турушубуз керек. Негизи клеткабыз 28 күндө бир жаңыланып турат. Жазында бул мындан дагы күчөйт. Косметикалык процедураларды, жазгы пиллингдерди алып туруу кажет.

Маскалар

Бет териңиз кургак болсо:

30 грамм банан алып, аны эзебиз. Эзилген бананга бир чай кашык таза бал, картошка крахмалын кошуп аралаштырып, бетке 20 мүнөт коюп, анан жууп салуу керек. Бул бетти азыктандырат, нымдаштырат, масканы бир аптада эки жолу колдонуу сунушталат.

Бет териңиз майлуу болсо:

Бир чоң аш кашык глинага календула майын жана бир чай кашык жүгөрү же картошка крахмалын кошуп аралаштырабыз. Бетке 20 мүнөт коюп, анан жууйбуз. Бул беттин тешиктерин кичирейтет, жылмакай кылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан