ӨКМ: Оштун аймактарында селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө

Оштун төрт районунда кечээ болгон селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 21-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.

Ага ылайык, Алай районунун Тилектеш айыл өкмөтүнүн Тогуз-Булак айылында мөндүрдүн кесепетинен беш кокту-колоттон сел жүрүп, 34 үйдүн короосун каптаган. Анын ичинен беш турак жайдын жана мектептин жертөлөсүнө суу кирген. Мындан тышкары, ички чарбалык автоунаа жолдун беш жерин сел каптаган. Тазалоо иштери жүрүп, ушул тапта жол ачык. Бирок сел түшкөн коктулардагы ички көчөлөр жабык.

Ал эми Кара-Кулжа районунун Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу автоунаа жолунун 41-чакырымдарынын Таш-Кыя тилкесинде сел жүрүп, жол эки тараптуу жабылган. Тазалоо иштерине №26 жол тейлөө ишканасынан үч техника тартылып, жолдун бир тарабы ачылган. Ушул автоунаа жолунан сел бир жеңил унааны агызып, анын айдоочусу каза болгон.

Эске салсак, 20-апрелде Ош облусунун бир катар райондорундагы айылдарда катуу сел жүргөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан