Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Эмилбек Жусупов 20-апрелде мандатын тапшыруу боюнча арыз жазганын билдирди.
Маалыматка ылайык, эл өкүлүнүн берген арызы БШКнын жакынкы отурумдарында каралат.
Жусуповдун мындай чечиминин себеби азырынча айтыла элек.
Ал депутаттыкка 2021-жылы “Ишеним” партиясынан шайланып келген.