Кадамжай районунда CASA-1000 долбоорунун алкагында оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде Баткен электр тармактар ишканасынан билдиришти.
Маалымдалгандай, 23, 24, 25-апрель күндөрү Кадамжай районунда эл аралык Casa-1000 долбоорунун алкагында жогорку чыңалуудагы аба чубалгыларын тартуу иштери жүрөт.
Буга байланыштуу Кадамжайдын төмөнкү айылдарында убактылуу электр энергиясы үзгүлтүккө учурайт:
- Жарык Чаувай, Майдан, Кара-Жыгач, Кароол, Алыш, Олагыш, Таш-Коргон айылдарында саат 08:00дөн 17:00гө чейин болбойт.